• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкектин вице-мэри бөлүм башчыны урушту (видео)

7 Тогуздун айы 2021 19:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-октябрда Бишкек шаарынын жер маселеси, шаар куруу жана архитектура боюнча вице-мэри Азат Узаков шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын жыйыны учурунда ага телефонограмма жөнөткөн мэриянын кызматкерине нааразы болду.

«Субординация болуш керек да. Токоева Т. дейт, бөлүм башчы. Бул сизби? Кандай маалыматты? Биз экөөбүз тең мамлекеттик кызматкербиз. Субординацияны кармаш керек. Мени сыйлабагыла, кызматымды сыйлап койбойсуңарбы. Андан кийин 30-сентябрда жөнөтүп жатасыңар. Мен кечээ гана алып жатам. Муну кандай түшүнсө болот», — деди Узаков.

Бөлүм башчы телефонограмма 3-4 жолу жөнөтүлгөнүн билдирип, Узаков менен диалог курууга мүмкүн эместигин билдирди.

Количество просмотров: 1087