• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Каракол шаарынын биринчи вице-мэри кармалды

29 Жалган куран 202511:50 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарынын биринчи вице-мэри кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан муниципалдык жер тилкени арзан баада саткан Каракол шаарынын мэриясынын жетекчилигинин жана башка адамдардын кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

Тактап айтканда, 2021-2022-жж. Кашка-Суу кичи районунан көп кабаттуу социалдык үй жана студенттик жатакана куруу үчүн Каракол шаардык мэриясы тарабынан 8312,9 чарчы метр жер тилке бөлүнүп, аукционго коюлган.

Андан соң өлкө жетекчилигинин муктаж болгондорду арзан турак жай менен камсыз кылуу боюнча талаптарын аткаруу үчүн мурда аукционго коюлган 8312,9 чарчы метр жер участокко көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн МИК ААКсына берүү пландаштырылган.

«Каракол шаарынын мэриясынын жер комиссиясынын башында турган Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Э.А., жер тилкени МИК ААКга өткөрүп берүү пландаштырылып жаткандыгын билип туруп, өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, аталган кыймылсыз мүлктү Кыргыз Республикасынын А.Н.К. аттуу жаранына жеке менчикке берүү үчүн аукцион өткөргөн. Андан кийин Каракол шаарынын мэриясынын Жер комиссиясы А.Н.К. аттуу жаранга Кашка-Суу кичи районундагы жер тилкесин берүү жөнүндө чечим чыгарат, жер тилкесинин наркы аукциондо сунушталган суммадан алда канча жогору»,-деп жазылат маалыматта.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча А.Э.А. кармалып, Каракол ШИИБдин УКЖсына киргизилди.

Количество просмотров: 422