• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкектин вице-мэри коррупцияга шектелип камалды

19 Бирдин айы 2022 15:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын курулуш, архитектура, муниципалдык мүлк, жер бөлүштүрүү боюнча вице-мэри А.У. коррупцияга шектелип камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, А. У. Өкмөттүн аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүн жетектеп турганда, коррупциялык схема уюштурган. Тагыраагы, Чүй капиталдык курулуш башкармалыгы жана Кош-Коргон айылындагы Туйту Каракеев орто мектебин салган Г.П.С. компаниясы менен тымызын сүйлөшүп, бөлүнгөн акчаны өөнөп алып турган.

Компаниянын кызыкчылыгы үчүн тендердик мыйзамдын талаптарын, курулуш нормаларын бузуп, имаратты чала-чарпыт бүтүрүп кабыл алып коюшкан. Тактап айтканда, мектептин жер төлөсү, ашканасы, спорт залы толук бүтпөй, имараттын фасады толук жабдылбай калган. Андан тышкары айланасын жашылдандыруу, коопсуздук системасы, электр жабдуулары аягына чыккан эмес. Бул «көз жумдулуктан» өлкө казынасы 10,8 миллион сом зыян тарткан.

Айтылган фактыга байланыштуу Бишкек шаарынын вице-мэри А.У., «Г.П.С.» ЖЧКсынын башкы директору Т.Г.Т. Мамлекеттик курулуш агенттигинин турак жай жана жарандык курулуш башкармалыгынын башчысы А.Э.Ж. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 265