• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

«Биз өз жерибиздебиз жана эч кимге эч нерсе карыз эмеспиз». Зеленский кайрылуу жасады

22 Бирдин айы 2022 11:12 Бишкек Govori.TV

Украинанын президенти Владимир Зеленский “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн Орусия көз карандысыз мамлекет катары тааныганына байланыштуу украиналыктарга кайрылуу жасады.

«Украина тынчтыкты каалайт жана тынчтык жолу менен гана барат. Өлкөнүн чек аралары корголот. Азырынча баш аламан аракеттерге барууга негиз жок. Биз жөнгө салуунун саясий жана дипломатиялык жолуна ишенимдүүбүз жана эч кандай провокацияга алдырбайбыз. Биз өз жерибиздебиз, эч кимден коркпойбуз жана эч кимге эч нерсе бербейбиз»,-деди ал.

21-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган аймакты көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялап, атайын жарлыкка кол койду. Кремлдин соңку чечими Донбасста кырдаал курчуган маалда ишке ашты.

Количество просмотров: 2671