• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дональд Трамп Владимир Зеленский менен жолугушту

28 Бирдин айы 202523:33 Бишкек Govori.TV

АКШ жана Украинанын президенттери Доналд Трамп жана Владимир Зеленский Ак үйдө жума күнү жолугушушту. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Жаратылыш ресурстары боюнча келишимге кол коюу аземи болот деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Reuters жазды.

Зеленский Трампка тоо-кен келишими үчүн ыраазычылык билдирди жана ал АКШ эмне кылууга даяр экендиги жөнүндө сүйлөшкүсү келерин айтты. Ал Россиянын президенти Владимир Путин тууралуу сөз сүйлөп, «биз аны чогуу токтото алабыз» деген үмүтүн билдирди.

Трамп келишимге бүгүн кол коюларын жарыялап, келишимди «абдан адилеттүү»деп атады. Америка президенти ошондой эле Путин менен сүйлөшкөнүн жана АКШ Орусия менен жакшы сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн белгиледи.

Количество просмотров: 472