• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дональд Трамп менен Владимир Зеленский түз эфирде кайым айтышышты

1 Жалган куран 20250:52 Бишкек Govori.TV

АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтондо Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушту. Сүйлөшүүлөр Овал кабинетинде уланды. Иш чара түз эфирде чагылдырылды.

Овал кабинетиндеги пресс-конференция пикир келишпестик менен аяктады. Журналисттерге жооп берип жатып, Украина менен АКШнын президенттеринин ортосунда жанжал чыкты.

Зеленский Киевдин ок атышууну токтотууга даяр эместигин жана Вашингтондон коопсуздук кепилдигин алуу зарылдыгы тууралуу айткандыгынан кийин эки президент айтыша кетишти. Трампка кошулуп вице-президент Жей Венс Зеленскийге басым жасады.

«Бизге ок атышпоодон тышкары дагы көп нерсе керек <…> Мен буга чейин Макрон менен Меркелдин катышуусунда Путин менен келишимге кол койгонбуз. Кайсы дипломатия жөнүндө кеп болуп жатат?”, — деген Украина президентинин сөздөрүн РБК келтирет.

Буга жооп катары Трамп Украина «согуш башталгандан бери ыңгайсыз абалда» жана АКШга «ыраазы болушу керек» деп жарыялады, ал эми украин бийликтери Киев ок атышпоону каалайбы же каалабайбы деп Ак үйгө «айта албайт».

Трамп Киев тынчтык орнотууда “компромисстерге” барышы керектигин, эгер украин бийликтери келишимден баш тартса, АКШ ага катышпай турганын кошумчалады.

«Бизсиз колуңузда карта жок, бизге ыраазы болушуңуз керек. Биз сиздин өлкөңүздү сактап, согушту токтоткубуз келет. «Мен согушту токтоткубуз келбейт» деп айта албайсыз. Биз сизге 350 миллиард доллар бердик, бирок дагы эле ыраазы эмессиз. Бизге эч нерсе айтууга укугуңуз жок. Азыр жакшы абалда эмессиз», — деди Трамп.

«Мен бул жерге карта ойногону келген жокмун», — деп жооп берди Зеленский.

Көп өтпөй Овал кабинетиндеги маалымат жыйыны аяктап, саясатчылар камерасыз сүйлөшүү үчүн чыгып кетишти.

Количество просмотров: 455