Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы менен кызматташууга умтуларын жана орус-украин чатагынын тез арада токтотулушун каалай турганын билдирди. Тиешелүү билдирүү Зеленскийдин социалдык тармактарында пайда болду.
Украинанын президенти Ак үйдөгү жолугушуу “күтүлгөндөй болбой калганын” мойнуна алып, буга өкүнүп турганын билдирди. «Бул окуянын болгону өкүнүчтүү. Маселени оңдоого убакыт келди. Биз мындан аркы кызматташуу жана коммуникация конструктивдүү болушун каалайбыз», — деп белгиледи Зеленский. Ал Украина дагы эле кен байлыктары боюнча келишимге кол коюуга даяр экенин баса белгиледи.
Зеленский Украина «согушту тез арада токтотуу үчүн иштөөгө даяр» деп ишендирди жана тынчтыкка карай биринчи кадам катары, абада жана деңизде туткундарды алмашуу жана ок атышууну токтотуу болушу мүмкүн деп айтты.
«Эч кимибиз чексиз согушту каалабайбыз. Украина туруктуу тынчтыкты жакындатуу үчүн мүмкүн болушунча тезирээк сүйлөшүү үстөлүнө отурууга даяр. Украиндыктардан башка эч ким тынчтыкты каалабайт. Менин командам жана мен президент Трамптын күчтүү жетекчилигинин астында туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн иштөөгө даярбыз», — деп жазган ал.
Дональд Трамп Ак үйдөгү жолугушууда Зеленский менен урушкандан кийин Украинанын башчысы тынчтыкты эмес, согуштук аракеттердин уланышын каалай турганын айткан. Америка президенти Зеленскийди «тынчтыкка даяр болгондо кайтып келүүгө» чакырган.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Ак үйдөгү чырдан улам Зеленскийден кечирим суроосу күтүлгөнүн айтты. Украинанын президенти өзү Би-Би-Сиге кечирим суроого же өкүнүү ниети жок экенин айтты.
Трамптын администрациясы 3-мартта Украинага аскердик жардам берүүнү токтотконун жарыялады.