• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Биздин президент мага ар дайым бардык маанилүү иштерди ишенип тапшырат, — Ташиев»

11 Баш оона 202512:44 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров мага ар дайым бардык маанилүү иштерди мага тапшырат, деп билдирди 11-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө.

Ал Нарын шаары иретке келтирилип жатканын, мындан ары мындай иштер облустун ар бир районунда жүргүзүлөрүн белгиледи. Анын айтымында, талаптарга ылайык бала бакчалар, мектептер, ооруканалар, жолдор курулушу керек.

«Өзүңүздөр билесиздер, мен улуттук коопсуздук органдарынын жетекчисимин. Ага карабастан, биздин президент мага ар дайым бардык маанилүү иштерди ишенип тапшырат. Ал мындай дейт: «Сен ишке киришип, ишти аягына чыгарышың керек». Октябрь айында мен курулуштун жана азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүн текшерүү үчүн Нарынга дагы бир жолу келем. Баары сапаттуу жана өз убагында жасалышы керек. Чиновниктер костюмдарын камуфляж кийимге алмаштырып, күнү-түнү иштеши керек», — деп талап кылды ал.

Количество просмотров: 185