• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бизге окшогондор жөн эле «страдайтетет». Депутат коронавирус тууралуу кооптонуп жатканын айтты

29 Үчтүн айы 2020 10:51 Бишкек Govori.TV

Депутат Камчыбек Жолдошбаев Жогорку Кеңештин жыйынында Кытай мамлекетинен тарап жаткан жугуштуу вируска тынчсызданды. Элдин саламаттыгын сактоо үчүн өкмөт жүргүзгөн иш-чара үстүртөн болуп жатат деп канааттанган жок.

«Чоң соода түйүндөргө, базарларга бет кап кийип барышсын. Элдин ден-соолугу маанилүү. Өзгөчө Дордой, Мадина сыяктуу борбордук базарларда Кытайдын жарандары жүрүшөт. Булар менен байланышты болтурбоо үчүн өзүнчө иш-чара караш керек. Өкмөт карады бирок, эчнерсе жок, үстүртөн айтып коюшту. Россиядан, Америкадан жана башка кыйын мамлекеттерден чыгып жатат жана алар вируска каршы таппай жатат. Ал эми бизге окшогон кичинекей мамлекеттер жөн эле «страдайтетет». Муну карап, керек болсо маалымат угалык», — дейт эл өкүлү.

Количество просмотров: 550