Баласын сабаган видео интернетте тарап кеткен кыргызстандыктын жубайы элден кечирим сурап, күйөөсүн жазага тартпоону өтүндү.
“Жолдошумдун апасы дагы өтүп кеткен. Кайнатам эч жерде иштебейт. Күйөөмдү камап салса, бизге жардам бере турган эч ким жок. Бул үйдө иштеген жалгыз киши ушул”, — деди келин видеодо.
Буга чейин интернетке эркек киши кичинекей баланы уруп жаткан видео тарап, коомчулукта нааразычылыктарды жараткан. Кийин Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, бул көрүнүш Москва шаарында 16-апрелде саат 11лер чамасында болгон. Аны телефонго аялы тартып алган да, алгач Ала-Букада жашаган атасына жөнөткөн. Ал киши туугандарына жиберип, андан кийин коомчулукка жайылып кеткен.