• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бизнесмен Назарбаевдин инисин рейдерликке айыптады

21 Кулжа 2022 16:58 Бишкек Govori.TV

Казакстандын каржы мониторинги агенттиги Karuan компаниясынын рейдерлик жол менен тартып алынганы жөнүндө арыз түшкөнүн кабарлады.

Буга чейин айрым жергиликтүү ЖМКлар бизнесмен Нурша Какенов мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаевди бизнесин тартып алууга айыптап жатканын маалымдашкан.

Каржы мониторинги агенттигинин билдиришинче, арыз 17-июнда Алматы прокуратурасынын экономикалык тергөө департаментине түшкөн. Агенттик арыз териштирилип, укуктук баа берилерин белгиледи.

Karuan компаниясы Маңгыстау облусунда марганец чыгарат.

Буга чейин рейдерлик фактысы боюнча Болат Назарбаев менен анын мурдагы аялы Майра Курмангалиевага кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат чыккан.

Болат Назарбаев — Нурсултан Назарбаевдин иниси. Январь окуяларынан кийин Нурсултан Назарбаев өлкөдөгү таасиринен ажырап, анын жакындары кызматтан кеткен же камалган. Айрым маалыматтарга караганда, Болат Назарбаев 6-январда кыргыз-казак чек арасынан өтүп, Кыргызстан аркылуу Дубайга учуп кеткен.

Быйыл апрелде Almaty Steklo заводунун кожоюндарынын бири рейдерлик баскынчылыктын курмандыгы болгонун жана ишканасынын жарым үлүшүн Болат Назарбаев тартып алганын айткан. Андан мурдараак Болат Назарбаевге байланышы бар майнинг компаниялар аныкталганы кабарланган.

Количество просмотров: 111