• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бюджет кабыл алынып жатканы кызыктырбай Каржы полициясынын жетекчиси Эстонияда эс алып жүрөбү?

30 Жетинин айы 2018 11:47 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 30.11.2018. Govori.TV
Кечээ 29-ноябрда  өкмөт менен парламент Кыргызстандын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жана келе жаткан жаңы жылга карата каржы маселесин талашып-тартышып талкуулап жатканда, финансы полициясынын башчысы Бакир Таировдун Эстонияда эс алып жүргөнү баарынан да кызык болду.
Анткени депутаттардын көбү өткөн жылдагы каржылык мыйзам бузуулар жөнүндө билгиси келди. Эс алып жүргөн жетекчи жок, депутаттардын суроолоруна олку-солку жооптор болуп калды.
Андан да кызыгы, Каржы полициясынын башчысы Бакир Таировго карата 23-ноябрда 1-май райондук соту тарабынан Кыргызстандын аймагынан сыртка чыгууга тыюу салынган экенин депутат Жанар Акаев эске салды.

Соттордун чечими чор тамандарга иштеп, чоңдорго иштебей калганы бир топ эл өкүлдөрүн нааразы кылды. Бирок бири да чечкиндүү түрдө өкмөт башчыга чара көрүңүз деп айта алган жок.
Эстонияда эс алып жүрөбү иш менен жүрөбү кандай болгон күндө да соттун чечимин сыйлап жөн эле өз өлкөсүндө отуруп турса болмок экен. Кудай сактап, карвалол ичпей, үй бүлөсү жок өзү эле эс алып келген болсун эми.
Булак: “Калыс Медиа”
Количество просмотров: 18