Блогер Али Эргешев кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, аны 13-февралда эл аралык “Манас” аэропортунан милиция кызматкерлери адамды жүзүнөн тааныган видеобайкоонун жардамы менен кармаган.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, издөө жарыяланган.
«Эргешев 2023-жылдын май айында болгон бейбаштык окуясы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган. Жалал-Абад шаардык сотунун токтомуна ылайык, камакка алуу чарасы колдонулган»,-деп жазылат маалыматта.
Али Эргешев “Эл билсин” долбоорунун автору. Ютуб каналына тамактануучу жайлардын санитардык абалы, мамлекеттик мекемелердин калкка көрсөткөн кызматынын сапаты тууралуу видеолорду жарыялап келген.