Блогер Элмир Сыдыманов акталды. Бул тууралуу Сыдыманов социалдык тармактагы өздүк баракчасына жазды.
Блогердин айтымында, ал толук түрдө акталып чыккан. Буга чейин Башкы прокуратура блогер Элмир Сыдымановго койгон айыбынан баш тарткан.
Эске салсак, Инстаграмда Сыдыман деген ат менен белгилүү Элмир Сыдыманов 2020-жылдын 17-февралында аймактар аралык кастыкты козуткан деген шек менен кармалып, киийн үй камагына чыгарылган.