NazarNews маалымат агенттигинин негиздөөчүсү жана башкы редактору Гүлжан Шерипбаева бүгүн, 23-декабрда акталды. Бул тууралуу маалыматты редакцияга Шерипбаева өзү тастыктады.
Маалыматка ылайык, бул боюнча чечимди бүгүн Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Эске сала кетсек, журналист буга чейин диний кастыкты козутуу беренеси менен айыпталып, соттук иши бүтпөй келген.
Кошумчалай өтсөк, Маданият министрлиги Акылбек Жапаров жөнүндө жазылган макала үчүн NazarNews агенттигин бөгөттөгөндүгүн жергиликтүү басылмалар жазып чыгышкан.