• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Фейсбук колдонуучусу Мирланбек Маратбек уулу акталды

14 Бирдин айы 202511:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-февралда Мирланбек Маратбек уулу Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу”) менен күнөөсүз деп табылып, толук акталды.

Чечимди Кант шаардык соту чыгарган.

Эске салсак, 2024-жылы 15-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган постторду жазган Мирланбек Маратбек уулунун Чүй облусундагы үйүн тинтүүгө алган. Милиция ага Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген.

Количество просмотров: 295