• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Блогер Күмүшай Аким кызынын агасы чыр-чатактан улам каза болду

20 Аяк оона 202417:40 Бишкек Govori.TV

10-сентябрь күнү саат 20:40 чамасында Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө, Ош шаарынын «тез жардам» кызматынан А.Навои сейил багынан оор жарат алган жаран шаардык ооруканага жеткирилгендиги тууралуу кабар келген. Бул тууралуу Ош ШИИБнен билдиришти.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барышып, алгачкы иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Тергөө кызматынын маалыматына караганда ооруканага жеткирилген жабырлануучу 40 жаштагы Алай районунун Күң-Элек айылынын тургуну, Ош шаарына келип ар кандай жумуштар менен алек болуп жүргөн П.К. экендиги аныкталган.

Жабырлануучу П.К. 17-сентябрь күнү Ош шаардык клиникалык ооруканада дарыланып жатып каза болгон. Каза болуп калган жаран блогер Күмүшай Аким кызынын агасы экендигин милициядан билдиришти.

Ош ШИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан окуя боюнча ыкчам иш аракеттер жүргүзүлүп, бул окуяга тиешеси бар, Бишкек шаарынын тургуну 29 жаштагы Р.уулу И. кармалып, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө кызматынын алгачкы маалыматына караганда жабырлануучу менен шектүү А.Навои атындагы сейил багынын кире беришинде өз ара чырдаша кетип, шектүү жабырлануучуну түртүп жиберген. Жабырлануучу П.К. башы менен жол боюндагы тосмого тийип жыгылган.

Учурда тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Количество просмотров: 476