Бүгүн, 8-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда блогердин иши боюнча соттук отурум уланды. Анда жактоочунун Сыдымановдун айткандарына түрткү болгон видео тасманы соттук-лингвистикалык экспертизага жөнөтүү өтүнүчү кабыл алынды.
Жактоочу блогердин видеосуна кайрадан психо-лингивистикалык комплекстүү экспертиза дайындалганына байланыштуу соттук отурум убактылуу токтотулганын билдирди.
«Биз Сыдымановду айткандарына түрткү болгон видео тасманы судьяга көрсөтүп, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындоону сурандык,сот канааттандырды.Жыйынтыгы бир айга жакын убакытта чыгышы мүмкүн. Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин сот өкүм чыгарат», — деди жактоочу Магиев.
Эске салсак, блогерге карата Жазык кодексинин 313-беренеси («Аймактар, улуттар аралык же диний, этникалык жана расалык кастыкты козутуу») боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган. Аны аймак аралык кастыкты козутууга шектүү деп 19-февралда убактылуу кармоочу жайга камашкан. Бирок көп өтпөй үй камагына бошотулган.