• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Блогер Сыдыманов: Тилди тыя жүрүш керек экен

8 Кулжа 2020 19:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда блогердин иши боюнча соттук отурум уланды. Жараянга келген блогер өзүнө тагылып жаткан айып боюнча комментарий берди.

Сыдыманов кылган ишинен сабак алганын айтат.

«Бул иштен кийин кантип сабак албай койгонго болот. Анткени адмдын башына түйшүк түшкөндөн кийин акылдуу болуп калат эмеспи. Баардык беренелерди карап чыктым, элдин алдында абайлап сүйлөө туура болчудай. Азыр дагы туура эмес сүйлөп алгандан коркуп жатам. Андыктан тилди тыя жүрүш керек экен»,-деди Сыдыманов.

Эске салсак, Эске салсак, блогерге карата Жазык кодексинин 313-беренеси («Аймактар, улуттар аралык же диний, этникалык жана расалык кастыкты козутуу») боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган. Аны аймак аралык кастыкты козутууга шектүү деп 19-февралда убактылуу кармоочу жайга камашкан. Бирок көп өтпөй үй камагына бошотулган.

Количество просмотров: 1410