Президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевдин кызматтан бошотулушу боюнча комментарий берди. Анын сөзүн маалымат катчысы Аскат Алагөзов маалымат каражаттарына билдирген.
“Эң биринчи кезекте мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн, коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда да бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче, биримдикти чыңдоо максатында ушундай чечим кабыл алдым”, — деген Жапаров.
Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев кызматынан бошотулганы бүгүн белгилүү болду.