Блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.
Маалым болгондой, Жолболдуеванын бөгөт чарасы 22-февралда Жалал-Абад шаардык сотунда каралган.
Эске салсак, 9-февралда атайын кызмат маалымат таратып, блогер Батмакан Жолболдуева интернетке жарыяланган материалды өчүрүү үчүн Жалал-Абаддагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинин кызматкеринен 25 миң сом талап кылганы үчүн камалганын билдирген. УКМКнын кызматкерлери аны 6-февралда 25 миң сом алып жатканда кармаганын кабарлаган.