Ош облустук соту бүгүн 13-майда “Батма-бат” YouTube каналынын автору, блогер Батмакан Жолболдуеванын бөгөт чарасын карап, шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды.
Ош шаардык соту 21-апрелде аны 26-майга чейин камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарган.
Милиция журналист Арзыгүл Галымбетова күтүүсүз каза болгондон кийин бул иш боюнча маалымат берип, ал Жолболдуеванын каралоосуна кабылып жатканына 25-мартта арызданганын билдирген. Галымбетованын ошол арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”) менен иш козголуп, 28-мартта Жолболдуева кармалган.
Ишти Ош облустук милициясы тергемей болуп, 15-апрелде Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан Ошко өткөрүлүп берилген.
Булак: Азаттык.