Кыргызстанда блогерлер салык төлөөдө Креативдүү индустриялар паркына резидент болуп, атайын салыктык режимди же жалпы салыктык режимди тандаса болот.
Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов белгилегендей, Кыргызстан блоггерлерге салыкты ашыкча жүктөбөшү керек, анткени алар маанилүү социалдык функцияны аткарат. Блогерлер Креативдүү индустрия паркынын резиденттери болуп, ыңгайлуу салык режимин тандай алышат:
«Бул абдан ыңгайлуу шарттар. Салыктардан толугу менен бошотуу туура эмес стратегия. Ошол эле учурда өсүү үчүн шарттарды түзүү маанилүү. Блогерлик — динамикалуу өнүгүп жаткан тармак жана мазмуну коомдо маанилүү ролду ойнойт. Мамлекет блоггерлерге тоскоолдук жаратпай, өнөктөш болушу керек», — дейт Шыкмаматов.
2022-жылы Кыргызстанда “Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Анда креативдик деп аталган чөйрөдө иш алып барган ишкер, жаратмандарга жеңилдиктер каралып, аларды айрым салыктардан жана социалдык төлөмдөрдөн бошотуу каралган.