• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

BMW менен кайгуул кызматынын машинасы кагышкан. Айдоочу Көлбаевдин тууганы экени айтылды

17 Үчтүн айы 202516:52 Бишкек Govori.TV

Кырсык бүгүн, 17-январда саат 05:00 чамасында Киев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинде болгон. Жалган мамлекеттик номурлары бар караңгылатылган БМВ үлгүсүндөгү унаа проспекти менен түштүк тарапты көздөй бара жатып, Киев көчөсүндө патрулдук унааны сүзүп, экинчиси оодарылып кеткен.

Кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоочу 23 жаштагы жигит болгон, ал кырсыктан кийин өзүн агрессивдүү алып барып, орой сөздөрдү айткан. Аны милиция бөлүмүнө алып кетишкен.

24.kg агенттиги Укук коргоо органдарындагы булагына таянып айдоочу Камчы Көлбаевдин тууганы Даниэль Асанбеков экенин жазды.

Кырсыктын кесепетинен эки патрулчу жабыркаган. Алардын баш мээси чайкалып, денеси көгөргөн, бирок ооруканага жаткыруудан баш тартышкан.

Количество просмотров: 585