Күйүүчү майга байланыштуу маселени өкмөт чечкиси келбей жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев билдирди. Анын айтымында, күйүүчү майдын баасы кошуна мамлекетке салыштырмалуу кымбат.
Биздин эң жакын кошуна өлкө Казакстан. Бирок карасаңыз, канча жылдан бери күйүүчү майдын баасынын айырмасы 15 сом. Бизге эң жакын өлкөдө күйүүчү май 15 сом арзан болуп жатса, эмнеге Орусиядан ташыйбыз. Элдин акчасын эптеп жок кылуу максатында атайын жасалып жатабы? Россиянын кызыкчылыгын карайбызбы?Күйүүчү май кайсы өлкөдө арзан болсо, ошол жактан ташып келишибиз керек, — деди Бокоев.