• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бокоев: Өкмөт башчы акимдерди мыйзам бузуу менен түз дайындап жатат

13 Бугу 202013:08 Бишкек Govori.TV

Өкмөт башчы акимдерди мыйзам бузуу менен түз дайындап жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев бүгүн, 13-майда билдирди. 

«Өкмөт башчы баш болуп мыйзамдар бири-бирине шайкеш келбейт деп элди алдап жатат. Конституциялык мыйзамда да жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө мыйзамда да премьер-министр акимди жергиликтүү кеңештин сунушу менен дайындайт деп турат. Конституция өзгөргөндөн бери төрт жыл өттү. Сиз ошол мыйзамды шайкеш келүүгө алып келбей жатасыз»,  — деди депутат  Бокоев.

Количество просмотров: 147