• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Боксчу Азат Усеналиев эл аралык мелдеште жеңүүчү болду

23 Бештин айы 2018 12:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.12.2018. Govori.TV

Кыргызстандык боксчу Азат Усеналиев Казахстанда өткөн бокс боюнча эл аралык мелдеште жеңүүчү аталды.

Казах ССРнин эмгек сиңирген машыктыруучусу Галым Жарылгаповдун жаркын элесине арналган турнир 35-ирет 17-21 декабрь аралыгында Казазстандын Караганда шаарында өттү.

Азат Усеналиев биринчи беттештерин ийгиликтүү жыйынтыктап, жарым финалдык беттеште Казахстандык спортчуну жеңип финалга чыкты. Финалдык беттеште кыргыз спортчусу таиланддык боксчу Тонгдени жеңип алтын байгенин ээси болду.

Ошондой эле кыргыз мушкерлери Сейитбек Мунарбек уулу, Данияр Дамирдин уулу жана Ильяз Акматалиев бул турнирдин коло медалын тагынышты.

Жалпысынан 15 комплект медаль үчүн Казахстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Кытай, Монголия жана Орусиянын спортчулары ат салышкан.

Количество просмотров: 21