• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Түркияда кыргызстандык аял өз жанын кыйды

28 Үчтүн айы 2019 9:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.01.2019. Govori.TV

Түркиянын Адана шаарында кыргыз улутундагы келин өз жанын кыйды. Бул тууралуу «Sondakika» агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, өмүрүнө кол салган Айзада Намбетова 31 жашта болгон. Ал Аданада бир үй-бүлөнүн балдарын карап иштеп жүргөн. Бирок 25-январда жумушка келген эмес. Балдардын ата-энеси телефон чалып байланыша албагандыктан полицияга кабар берген.

Полиция Намбетованын үйүнө барган. Бирок эшик бек болуп, эч ким ачкан эмес. Натыйжада полиция кызматкерлери эшикти бузуп үйгө кирүүгө аргасыз болгон. Кызматкерлер Намбетова жуунучу бөлмөдө өзүн муунтуп алганын көргөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда, келин өзү жалгыз жашаган жана үйгө эч ким кирген эмес.

Учурда окуя болгон жерде териштирүү иштери жүрүп жатат. Маркумдун сөөгү медициналык экспертизага жөнөтүлдү.

Булак: Марал радиосу

Количество просмотров: 37