Кыргызстанда туулуп-өскөн профессионал боксчу, Орусиянын эл аралык класстагы спорт чебери Дмитрий Бивол Абу Дабиде өткөн бокс боюнча мелдеште атаандашы мексикалык Хильберто Рамирести жеңип алды.
12 раунд менен өткөн таймашта калыстар Биволдун пайдасына чечим чыгарышты.
Бул беттеште Бивол орто оор салмактагылар арасында WBA версиясы боюнча дүйнө чемпиону наамын төртүнчү ирет ийгиликтүү коргоду. Ал эми Рамирес карьерасында алгачкы ирет жеңилүү ызасын тартты.