• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Боксчу Өмүрбек Бекжигит уулу эл аралык мелдеште байгелүү орунду ээледи

4 Бирдин айы 202411:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Өмүрбек Бекжигит уулу Испаниядагы Boxam эл аралык мелдешинин күмүш медалына ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирет.

Мелдеш 29-январда Ла-Нусия шаарында башталган, 4-февралда жыйынтыкталат.

Өмүрбек Бекжигит уулу 86 кг чейинки салмакта катышып, жалпы үч беттеш өткөргөн.

Алгач 1/4 финалдык беттеште польшалык мушкерди жеңип, жарым финалдык беттеште индиялык спортчуну уткан.

Ал эми алтын медаль үчүн беттеште англиялык мушкерге жеңилип калып, 2-орунду камсыздады.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган мелдеште кыргызстандык боксчулар Мунарбек Сейитбек уулу алтын, Сагын Сатыбалды уулу коло медаль уткан.

Количество просмотров: 107