• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Болот Шамшиев бүгүн акыркы сапарга узатылат. Некролог

24 Бештин айы 2019 9:19 Бишкек Govori.TV

21-декабрда 78 жашында кыргыз кино кереметинин негиздөөчүлөрүнүн бири, белгилүү кинорежиссер, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Шамшиев Болотбек Төлөнович катуу оорудан улам жарык дүйнө менен кош айтышты.

Шамшиев Болотбек Төлөнович 1941-жылы 12-январда Фрунзе шаарында белгилүү акын жазуучу жана журналист Төлөн Шамшиевдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Апасы Авина Мурзаходжаева белгилүү врач, медицина илимдеринин кандидаты болгон.

Ал орто мектепти аяктагандан кийин 1959-жылы Москвадагы Бүткүл Союздук кинематография институтуна кабыл алынган. Студент кезинде эле кинорежиссер Н.Шепитконун «Аптап» киносунда башкы ролду аткарып, Чыңгыз Айтматовдун «Бото көз» чыгармасынын негизинде кино тартып, өз чыйырын баштаган.

1964-жылы аталган окуу жайын бүтүрүп жатканда өзүнүн дипломдук ишин даярдап, «Манасчы» илимий-популярдуу тасмасын ийгиликтүү чыгарат. Анда улуу манасчы Саякбай Каралаевдин манас айтуудагы өзгөчөлүктөрү алкоого арзып, 1965-жылы «Манасчы» фильми Германиянын Оберхаузен шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда Гран-Прини алган.

Б.Шамшиев «Манасчыдан» кийин «Чабан» документалдык фильмин тартып, андагы жаш режиссердун сюжеттеги таамай табылган идеялары анын кийинки көркөм фильм тартуусуна кеңири жол ачат. Залкар режиссерго алгачкы ийгилик жараткан «Караш-Караш окуясы» (1968), «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» (1971) көркөм тасмалары болуп эсептелет. Бул фильмдер эл аралык деңгээлде коомчулуктун кызыгуусун жараткан.

«Ак кеме» көркөм тасмасы (1975) — режиссер Б.Шамшиевдин, кыргыз улуттук кинематографиянын дүйнөлүк киного маанилүү салым кошкон, ири чыгармачылык жетишүүсү болгон. «Ак кеме» тасмасы 1976-жылы Фрунзедеги IX Бүткүл Союздук кинофестивалда баш байгеге, кийинки жылы Трентодогу (Италия) ЭКФ сыйлыгына, ошондой эле СССРдин мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон.

«Эрте жазда келген турналар» (1979) тасмасы дагы Б.Шамшиевдин чыгармачылык биографиясындагы көрүнүктүү тасмалардын бири. Режиссер бул тасма аркылуу анын чыгармачылык диапазону канчалык кеңири экенин көрсөткөн. «Бөрү зындан» (1983) советтик сатыктагы эң кассалуу тасмалардын бири болгон. Бул — кылмыш дүйнөсү жөнүндөгү анык аңгеме. «Бөрү зындан» көрүүчүгө жетишээрлик эмоционалдуу таасир этет жана аны терең ойлонууга мүмкүндүк берет.

1985-жылы Б.Шамшиев Советтер Союзунун баатыры Алия Молдогуловага арналган «Снайперлер» тасмасын тартуу үчүн «Казакфильмге» чакырылган.

Болот Шамшиев (1989-1995) Жогорку Кеңеште депутат, (1998-1999) Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы туризм жана спорт агенттигинин директору катары мамлекеттик кызматта, ал эми 1999-2000-жылдары Бириккен Араб Эмираттыгында Кыргыз Республикасынын башкы консулу катары кызмат кылып, өлкөнүн өнүгүүсүнө салымын кошкон.

Болот Шамшиев 1990-жылдары «Салам-Алик» киностудиясын түзүп, улуттук оюндарга, мелдештердин жайылуусуна көп күч жумшаган. 1996-жылы азыркы көк бөрү оюнунун биринчи эрежелерин иштеп чыккан. 1995-жылы «Манас» эпосунун миң жылдык мааракеси белгиленгенде абдан чоң театралдаштырылган оюндун башкы режиссеру болгон.

Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев талыкпаган эмгектеринин арты менен көптөгөн сыйлыктарга ээ болду.

Алар:

— Кыргыз ССРнин Ленин комсомол сыйлыгы (1969);
— Кыргыз ССРнин эл артисти (1975);
— СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы (1977);
— СССРдин эл артисти наамы (1991);
— III даражадагы «Манас» ордени (1997);
— II даражадагы «Манас» ордени (2006).
Президенттин басма сөз кызматы тараткан эскерүүдө: «Кыргызстандын маданияты, чыгармачыл интеллигенциясы, жалпы эле Кыргызстандын эли, кыргыз журтуна гана эмес, боордош элдерге да кеңири таанымал болгон залкар кинорежиссер Болот Төлөнович Шамшиевдин жаркын элесин түбөлүккө сактайт. Ошону менен бирге маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт», — деп айтылат.

С.Ш.Жээнбеков, Д.А.Жумабеков, М.Д.Абылгазиев, Г.У.Калиева, М.И.Бакиров, К.А.Касымалиева, К.А.Боронов, Ж.П.Разаков, А.С.Өмүрбекова, З.М.Аскаров, Д.А.Эсеналиев, С.А.Кылжыев, Садык Шер-Нияз, Ч.А.Айдарбеков, К.А.Жунушалиев, М.Т.Жаманкулов, Б.Ж.Жээнбаева, С.Т.Муканбетов, Э.У.Чодуев, Ж.С.Бейшенов, Н.С.Мирзахмедов, К.А.Исаков, К.С.Чолпонбаев, А.К.Жаманкулов, У.Т.Кочкоров, Э.Д.Тердикбаев, Н.Опумбаев, Э.К.Осмонбетов, Д.Д. Догоев, У.К.Жылкыбаев, А.А.Намазалиев, А.Э.Суракматов, Б.А.Алайчиев, Б.Ж.Жакиев, М.Т.Байджиев, Ж.Сейдакматова, М.Мусаев, С.Ишенов, Г.С. Базаров, М.Абдиев, С.А.Раев, А.А.Абдыкалыков, А.Сүйүндүков, Ж.Соданбек, Б.Н.Карагулов, М.А.Бегалиев, Актан Арым Кубат, М.Сарулу, Т.К.Ибрагимов, Ч.Думанаев, Х.К.Кыдыралиев, Н.Мамбетова, З.А.Эралиев, Э.Борончиев, Ж.О.Кулмамбетов, М.Алиев, А.Жангазиев, М.А.Бектеналиев, А.Дайырбеков.

Маркум Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 24-декабрда эртең мененки саат 10.00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Количество просмотров: 40