• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Болот Шамшиевдин автоунаасын уурдап, өрттөгөндөр кармалды

30 Жетинин айы 2018 9:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек.30.11.2018.Govori.TV.
Бишкекте кинорежиссер Болот Шамшиевге тиешелүү Мercedes-Benz Е230 унаасын айдай качкан деп шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу шаар милициясынан билдиришти.
Эске салсак, Шамшиевдин унаасы 9-ноябрь күнү Бишкек шаарында уурдалган. Бир кече күндөн кийин тонолгон автокөлүк Чүй облусунун Милянфан айылынан табылган. Уурулар машинанын баалуу бөлүктөрүн чыгарып, өзүн өрттөп ийгени айтылган.
Аталган факты оюнча Свердлов РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси («Автомобилди укукка жат түрдө ээлеп алуу») менен кылмыш ишин козгоду. Уурулукка шектелип Бишкек шаарынын 24 жана 25 жаштагы тургундары кармалганы айтылды.
Количество просмотров: 26