• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026
????????????????????????????????????

Болот Суюмбаев алтын контрабандасы боюнча иште күбө катары өтүүдө

8 Бештин айы 202018:15 Бишкек Govori.TV

УКМК жетекчисинин экс орун басары Болот Суюмбаев алтындын контрабандасы иши боюнча күбө катары көрсөтүлдү. Бул тууралуу Kaktus.media’га куч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айткандарына караганда, 2017-жылы УКМКнын кызматкерлери Кыргызстанга контрабанда менен алынып келинген 22 кгдан ашык алтындын ири партиясын кармашкан. Ал кезде келтирилген материалдык зыян далилденгенине карабастан, УКМКнын жетекчилиги ишти жаап салууну буйрук кылган.

Бул ишти Аскер прокуратурасы кайрадан жандандырып, иликтөө жүргүзгөн, бирок иштин материалдары УКМКга берилген болчу. Ушул эле иш боюнча МУККнин жетекчисинин мурунку орун басары Дүйшөнбек Чоткараев да көрсөтмө берип жатат. Ал камака алынып УКМКга жеткирилди.

Маалымат берген булак, бул иштин алкагында Болот Суюмбаев да күбө катары көрсөтүлгөнүн, жана бир нече жолу суракка чакырылганын маалымдады. Бирок белгисиз себептерге байланыштуу келбейт жатыптыр. Күч структуралары анын жашаган жерин таппай жатат имиш.

Количество просмотров: 66