Балдар үйүндөгү бүтүрүүчүлөрдүн келечеги ойлондурат. Бул тууралуу айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу боюнча уюштурулган тренингдин катышуучусу Чолпон Болотова билдирди.
27 жаштагы Чолпон психолог, Чүй облусунун Сокулук районундагы Түз айылынан келген.
«Социалдык долбоорлорду жазып, ушул багытта иш алып баруу менен алек болуп келе жатам. Университеттеги кезимден бери эле ыктыярчы болуп иштеп келгем. Андан соң өзүм бир катар долбоорлорду жазды. Алардын бири балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жардам бердик. Бул мен тренингден медиа багытындагы жаңы куралдарды үйрөнүү үчүн келгем. Жана мындан тышкары жаңы адамдар менен тааныштырды. Мындай айтканда акысыз окуу, тажырыйба топтоо болду», — деди ал.