• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Боом капчыгайында куураган чөп күйдү

18 Үчтүн айы 2022 11:37 Бишкек Govori.TV

Боом капчыгайында куураган чөп күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 17-январда саат 20:15 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 147-чакырымында чөп күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Жерине 5 куткаруучу тартылган. Өрт тоонун этегинде болгондугуна байланыштуу өрт өчүрүүчү унаа бара алган эмес. Кол шаймандары менен өчүрүлгөн.

Өрттү өчүрүүгө кошумча токой чарба ишканасынан 10 кызматкер, Темир-Жол ишканасынан 10 кызматкер тартылып,саат 22:36да толугу менен өчүрүлгөн.

Жалпысынан эки гектар аянт кургак чөп күйгөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 184