Бишкек. 23.03.2019. Govori.TV
Боом капчыгайында жол четиндеги куураган чөптөр өрттөнүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоо тууралуу маалымат бүгүн, 23-мартта саат 11:36 да келип түшкөн.
«Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 145-чакырымында жол четиндеги куураган чөптөр өрттөнүп жаткандыгы тууралуу 11:36 да маалымат келип түштү. Учурда окуя болгон жерде Балыкчы шаарындагы өрткө каршы бөлүмүнөн 2 бөлүм иш алып барып жатат. Тилсиз жоо 14:30да чектөөгө алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча 3 жылкы күйүп кеткен», — дейт басма сөз катчысы Элмира Шерипова.