• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүрөт

29 Бугу 202213:20 Бишкек Govori.TV

30-майдан 3-июнга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 129 чакырымында таш кулатуу иштери жүрөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери эртең күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

«Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке менен жүрөт. 30-40тан ашык унаа топтолуп калган учурда таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 170