• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Боом капчыгайындагы жол толугу менен ачылды

31 Теке 2022 10:33 Бишкек Govori.TV

Үч дубанды бириктирүүчү Боом капчыгайында бүгүн, 31-июлда саат 10:02 мүнөттө жол каттамдары эки тараптуу ачылды. Ошондой эле болжол менен 20-22 миң куб кум-шагыл тазаланды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Эске салсак, кечээ нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен 128-129-чакырым аралыгында жана 131чакырымында эки жерде сел жүрүп, Балыкчы – Бишкек каттамы убактылуу жабылган.

Үзгүлтүксүз тазалоодон улам бир тараптуу ачылган жолдон кезектешип эки тарапка тактап айтканда, Бишкек – Балыкчы – Нарын жана Балыкчы – Нарын– Бишкек каттамына кезек-кезеги менен автоунаалар өткөрүлүп келген.

Табигый кырсык катталган аймакта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын жана райондук бөлүмдөрүнүн ыкчам топтору, куткаручуулар, адистер жана офицерлер иш алып барды.

Теги:
Количество просмотров: 246