• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Боом капчыгайындагы жолдун бир тарабы 4 күнгө жабылат

26 Чын куран 20219:27 Бишкек Govori.TV

26-30-апрель күндөрү Боом капчыгайындагы жол жарым-жартылай жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында кооптуу таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Мындай иштер саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо маалында автоунаалар бир тилке менен жүрөт. Жол кыймылын көзөмөлдөө  жоопкерчилиги Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыкка жүктөлдү.

Количество просмотров: 489