• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Боом капчыгайынын бир бөлүгү убактылуу жабылат

31 Тогуздун айы 202413:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-октябрда Бүгүн, 31-октябрда Боом капчыгайынын бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 129-чакырымынан 130-чакырымына чейинки бөлүгүндө таш кулатуу иштерине байланыштуу бүгүн саат 15:00гө чейин унаа жолу маал-маалы менен жабылып турат.

Жол инспекторлору айдоочуларды түшүнүү менен мамиле кылууга жана сапарды алдын ала пландаштырууга чакырат.

Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 168