• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Боомдо сел жүрүп, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу жабылды (видео)

30 Теке 202214:44 Бишкек Govori.TV

Кемин районунда саат 11:00дөр чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 128-129-чакырым аралыктарында сел жүрүп, кум-шагыл унаа жолду жабып калган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Учурда жол каттамы эки тараптуу жабык. Жерине куткаруучулар жана техника тартылган. Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 1212