• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Боомдо жол маал-маалы менен жабылат

18 Аяк оона 20219:08 Бишкек Govori.TV

20-24-сентябрда «Бишкек – Нарын – Торугарт» жолунунун Боом капчыгайында жол маал-маалы менен жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолдун 131-чакырымында таш кулатуу иштери жүрөт.

«Буга байланыштуу жол эртең мененки саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот. Унаалар кезек-кезеги менен жолдун бир тарабынан өткөрүлөт»,-деп айтылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 404