• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Боомдо жолдун бир тарабы убактылуу жабылат

23 Бугу 20229:03 Бишкек Govori.TV

Таш кулатуу ишине байланыштуу Боомдогу унаа жолу бир тараптуу жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 23-майдан тартып 27-майга чейин Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында таштарды кулатуу иштери жүрөт. Боом капчыгайында саат 9:00дөн 15:00гө чейин жолдун бир тарабы жабылат.

Эгер топтолгон унаалардын саны 30-40ка жетсе, таш кулатуу иши убактылуу токтотулуп, жол ачылып турат.

Количество просмотров: 117