• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Боомдогу жол төрт күн бою маал-маалы менен жабылат

22 Тогуздун айы 202115:47 Бишкек Govori.TV

25-29-октябрь күндөрү Боом капчыгайында кулоо коркунучу бар таштар атайылап түшүрүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы кабарлады.

Маалыматка ылайык,таш кулатуу иштери күндүзгү саат 9:00дөн 15:00гө чейин жасалып, унаа жолу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери тарабынан маал-маалы менен жабылып турмакчы.

Унаа жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке менен жүрөт.

Количество просмотров: 235