Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы 23-августта Бишкек шаарындагы мектепте коррупциялык схема аныкталганын билдирди.
Тергөөнүн маалыматы боюнча мектептин өкүлү 18 000 сом талап кылган. Анын 10
000 сому окуучуну башка мектепке которуу үчүн кызмат акы, 8000 сому мектепке
жардам катары алынган. Эгерде бул каражат берилбесе, анда окуучу мектепке кабыл
алынмак эмес. Бул каражат электрондук түрдө үчүнчү тарапка да которулган.
Аталган факт боюнча мектеп жетекчилигине карата тергөө уланып жатат.