• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Борбордо топчу жана мык чыгарган ишканалар ачылат

30 Кулжа 2022 9:46 Бишкек Govori.TV

Борбор калаада «Кыргыз топчу» жана «Кыргыз мык» аталышындагы эки ишкана ачылат. Бул тууралуу «Кыргыз индустрия» ААКнын төрагасы Жарасул Абдураимов Жогорку Кеңештин 29-июнундагы жыйынында билдирди.

Анын билдиришинче, бүгүнкү күндө тигүүчүлөр топчу менен сыдырманы чет жактан 10 млн долларга алып келишет. Ошондуктан «Кыргыз топчусун» уюштуруп, ал үчүн «РСК банктын» күрөөдө турган имаратын алуу пландалууда. Ал эми мык чыгарган ишкананы «Фрунзе» заводунун аймагына ачуу каралып жатканы айтылды.

«Кыргыз индустрия» ААКы былтыр декабрь айында түзүлгөн, ишмердүүлүгү мартта башталган. Учурда жалпы 14 ишкана түзүлдү.

Количество просмотров: 143