• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Тенгиз Бөлтүрүк дагы бир ишкананы жетектейт

15 Бирдин айы 202215:44 Бишкек Govori.TV

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясына Тенгиз Бөлтүрүк жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-февралда өткөн басма сөз жыйында билдирди.

Анын айтымында, холдингдин уставдык капиталы кеминде 10-15 миллиард сомдун тегерегинде болот.

«Бир нече долбоор бар, анын ичинде 12 кенде геологиялык чалгындоо иштери жүрөт. Эми долбоорлор менен «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» компаниясы алектенет. Бала-Чычкан темир кени 6 млрд доллар, Жетим-Тоо 4 млрд доллар киреше алып келет», — деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг 2021-жылдын декабрь айында түзүлгөн.

Количество просмотров: 272