• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Борбордук аянтта Айтматов эскерилди

12 Бештин айы 2017 14:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек 12.12.17. Govori.TV 

Бүгүн, 12-декабрь кыргыз элинин залкары улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Буга байланыштуу “Европалык жаңы толкун” уюму борбордук аянтта Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюп, жазуучуну эскеришти.

“Айтматовдун чыгармаларындагы каармандар канча убакыт өтпөсүн жашай беришет. Бул жаңы өсүп келе жаткан жаш муундар үчүн сабак. Бүгүнкү иш-чарада жөн эле анын эстелигине келип гүл коюу эмес, жаштарды анын чыгармаларына, идеяларына жана анын гумандуулугуна көңүл бурдуруу»-  деди Европалык жаңы толкун фондун директору Владимир Лю.

“Чыңгыз Айтматов жалгыз гана кыргыз элинин эмес,  жалпы Евразиянын сыймыгы деп эсептейбиз. Ал советтер союзу тарагандан кийин кыргыз элин эгемендүү өлкөлөр менен байланыштырган инсан болгон. Мындай инсаныбызды биз даңазалап, даңктап турушубуз керек. Ошондуктан бүгүнкү иш чарабызды атабызга арнадык”, — дейт Каныкей Жумадылова Европалык жаңы толкун фондунун кызматкери.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас областынын, Кара-Буура районунун Шекер айылында туулган. Залкар жазуучубуз чыгармаларын кыргыз жана орус тилдеринде жазып алар 170тен ашык тилге которулган. Быйыл көзү тирүү болгондо жазуучу 89 жашка чыкмак.

 

 

Количество просмотров: 3