Бишкекте чет элдик жарандардын жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда болгон массалык мушташтан кийин кармалган үч чет өлкөлүк жаран кыргыз элинен кечирим сурады. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясы билдирди.
Милициядан белгилешкендей, «бейбаштыкка» шектелип кармалган чет өлкөнүн үч жараны күнөөсүн мойнуна алды.
Эскерте салсак, 13-майда Бишкектеги хостелдердин биринин алдында чет өлкөлүктөр менен жергиликтүү тургундардын катышуусунда массалык мушташ болгон. Окуянын видеосу 17-майда соцтармактарга тарап, кызуу талкуу жараткан.
Буга байланыштуу байланыштуу 18-майга караган түнү миңге чукул адам мушташ болуп өткөн хостел жакка топтолгон. Жерине милиция кызматкерлери тартылган.