• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Милиция жарандарды чагымчылдыкка алдырбоого чакырат

18 Бугу 20249:26 Бишкек Govori.TV

Азыркы учурда мессенжерлердеги группаларга белгисиз адамдар мушташта жабыркагандар бар деген жалган маалымат таратып жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Бишкек шаарында чет элдик жарандар Кыргызстандын бир жаранын ур-тепкиге алып жаткан видео тараган. Буга байланыштуу жаштар митингге чыгып жатканын жазышкан.

Бишкек ШИИББ шаардыктарды жана конокторду чагымчылдыкка алдырбоого, ал эми жалган маалымат таратып жаткандарды коомчулукту адаштырбоого чакырып, мындай аракеттер үчүн жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Количество просмотров: 188